КУЛАК 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛАК м е д и ц и н а д а – омурткалуу жаныбардын, адамдын угуу жана тең салмактуулукту сактоо органы. Сырткы, ортонку жана ички кулак болуп бөлүнөт. Сырткы К. калкандан жана угуу өткөөлүнөн турат. Угуу өткөөлүнүн уз. 2,5 смче, кемирчек жана сөөк бөлүгүнөн туруп, чыкый сөөгүнө кирет. Угуу түтүгүнүн терисинде майда түктөр жана кулку иштеп чыгуучу без болот. Кулак калканы абадагы үн толкундарын тозуп алып, угуу өткөөлүнө жиберет. Үн толкундары угуу өткөөлүнүн түбүндөгү тарсылдак жар­гагына урунуп, аны дирилдетип, кыймылга келтирет. Тарсылдак жаргагы сырткы кулакты ортонку кулактан бөлөт. Ортонку кулак тарсылдак, евстахий түтүгү жана упчу сымал урчуктан турат. Тарсылдак жаргак артындагы тарсылдак көңдөйүндө уктуруучу сөөкчөлөр – балкача, дөшүчө, үзөнгүчө жайгашкан. Ички кулак баш сөөктүн ичине кирип турган чыкый сөөгүнүн тереңинен орун алган. Ал үлүл сымал болуп, татаал түзүлүштө жана суюктук менен толгон. Анда мейкиндикте денени тең салмактуулукта сактоочу вестибюль аппараты жайгашкан. Үлүлдө сезгич угуу клет­калары бар. Ал клеткаларга кулак калканы, сырт­кы өткөөл, тарсылдак жана угуу сөөкчөлөрү үн толкундарын өткөрөт. Андан угуу нерви аркылуу мээ кыртышына берилет. Кулак физиологиялык жактан үн өткөрүүчү (кулак калканы, сырткы угуу өткөөлү, тарсылдак, лабиринт суюктугу) жана үн кабыл алгыч (угуу нерви, борбордук өткөргүч жана мээ кыртышынын бөлүгү) аппаратка бөлүнөт.

Кулак: 1–кулак калканы ; 2 – сырткы угуу өткөөлү; 3 – балкача; 4 – дөшүчө; 5–ж арым тегерек канал; 6 –үзөңгүчө; 7 –үлүлдүн босогосу; 8 – үлүл; 9 –евстахий түтүгү; 10 – тарсылдак көңдөйү; 11 – тарсылдак.