КУЛАК 1
КУЛАК м е д и ц и н а д а – омурткалуу жаныбардын, адамдын угуу жана тең салмактуулукту сактоо органы. Сырткы, ортонку жана ички кулак болуп бөлүнөт. Сырткы кулак калкандан жана угуу өткөөлүнөн турат. Угуу өткөөлүнүн узундугу 2,5 смче, кемирчек жана сөөк бөлүгүнөн туруп, чыкый сөөгүнө кирет. Угуу түтүгүнүн терисинде майда түктөр жана кулку иштеп чыгуучу без болот. Кулак калканы абадагы үн толкундарын тозуп алып, угуу өткөөлүнө жиберет. Үн толкундары угуу өткөөлүнүн түбүндөгү тарсылдак жаргагына урунуп, аны дирилдетип, кыймылга келтирет. Тарсылдак жаргагы сырткы кулакты ортоңку кулактан бөлөт. Ортоңку кулак тарсылдак, евстахий Ал үлүл сымал болуп, татаал түзүлүштө жана суюктук менен толгон. Анда мейкиндикте денени тең салмактуулукта сактоочу вестибюль аппараты жайгашкан. Үлүлдө сезгич угуу клеткалары бар. Ал клеткаларга К. калканы, сырткы өткөөл, тарсылдак жана угуу сөөкчөлөрү үн толкундарын өткөрөт. Андан угуу нерви аркылуу мээ кыртышына берилет. К. физиол. жактан үн өткөрүүчү (К. калканы, сырткы угуу өткөөлү, тарсылдак, лабиринт суюктугу) жана үн кабыл алгыч (угуу нерви, борб. өткөргүч жана мээ кыртышынын бөлүгү) аппаратка бөлүнөт.
