КРИОФИЛДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:08, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИОФИЛДЕР (крио... жана philt– – сүйүү) – ту­руктуу төмөнкү температурада жашоочу организм­дер. Аларга көбүнчө Түндүк, Түштүк уюл сууларын­дагы жаныбарлар, ийне терилүүлөр, моллюска­лар, муздак дарыя жана өзөндө жашоочу балык­тар (жилингир, айрым планариялар), ошондой эле уюл­дагы кургакта жашоочу жана тоо жаныбарлары кирет. Айрым муздак сууда жашоочу балыктар­дын суу температурасынын бир аз жогорулашынан жалпы активдүүлүгү жана азыктануусу төмөн­дөйт. Анткени, суунун температурасынын жогорула­шы менен сууда эриген кычкылтек азаят. Ал эми кээ бир арктикалык балыктын канынын кура­мында биологиялык антифриздин болушу алардын тка­нындагы суюктукту тоңуп калуудан коргойт.