КРИОФИЛДЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КРИОФИЛДЕР (крио... жана philt– – сүйүү) – туруктуу төмөнкү температурада жашоочу организмдер. Аларга көбүнчө Түндүк, Түштүк уюл сууларындагы жаныбарлар, ийне терилүүлөр, моллюскалар, муздак дарыя жана өзөндө жашоочу балыктар (жилингир, айрым планариялар), ошондой эле уюлдагы кургакта жашоочу жана тоо жаныбарлары кирет. Айрым муздак сууда жашоочу балыктардын суу температурасынын бир аз жогорулашынан жалпы активдүүлүгү жана азыктануусу төмөндөйт. Анткени, суунун температурасынын жогорулашы менен сууда эриген кычкылтек азаят. Ал эми кээ бир арктикалык балыктын канынын курамында биологиялык антифриздин болушу алардын тканындагы суюктукту тоңуп калуудан коргойт.