КУДАЙБЕРДИЕВ Абибилла

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:03, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУДАЙБЕРДИЕВ Абибилла Алымович (01. 06. 1962, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Ноокат району, Кеңеш айы­лы) – генерал-майор (2007).

Алматы жогорку жалпы ас­кердик командалык окуу жайын (1983), Россия Федерациясынын жалпы аскердик академиясын (2003) бүтүргөн. 1983–1994-жылдары Мотоаткычтар полкунда взвод, рота командири, ба­тальондун командиринин орун басары, 1994–1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрли­гинде бөлүмдүн улук офицери, бөлүмдүн на­чальнигинин орун басары, бөлүмдүн начальни­ги, башкармалыктын начальнигинин орун ба­сары, бөлүмдүн начальниги, 1998–2005-ж. ас­кердик бөлүктө штабдын начальниги, коман­дирдин орун басары, 1-орун басары, 2005–2006-жылдары КРдин Коргоо министрлигинде офицерлердин жана прапорщиктердин квалификациясын жого­рулатуу борборунда начальник, 2006–2008-жылдары ас­кер бөлүгүндө командир, 2008–2009-жылдары КР Куралдуу Күчтөрүнүн Бишкек жогорку аскердик окуу жайынын начальниги, 2009–2010-жылдары КРдин Коргоо министринин 1-орун басары, КР Ку­ралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын началь­ниги, 2010–2011-, ошондой эле 2014–2015-жылдары КРдин Коргоо министри бо­луп иштеген. 3-даражадагы «Манас» ордени (2000) жана «Эрдик» медалы менен сыйланган.