КУДАЙБЕРДИЕВ Абибилла
КУДАЙБЕРДИЕВ Абибилла Алымович (01. 06. 1962, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Ноокат району, Кеңеш айылы) – генерал-майор (2007).

Алматы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын (1983), Россия Федерациясынын жалпы аскердик академиясын (2003) бүтүргөн. 1983–1994-жылдары Мотоаткычтар полкунда взвод, рота командири, батальондун командиринин орун басары, 1994–1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде бөлүмдүн улук офицери, бөлүмдүн начальнигинин орун басары, бөлүмдүн начальниги, башкармалыктын начальнигинин орун басары, бөлүмдүн начальниги, 1998–2005-жылдары аскердик бөлүктө штабдын начальниги, командирдин орун басары, 1-орун басары, 2005–2006-жылдары КРдин Коргоо министрлигинде офицерлердин жана прапорщиктердин квалификациясын жогорулатуу борборунда начальник, 2006–2008-жылдары аскер бөлүгүндө командир, 2008–2009-жылдары КР Куралдуу Күчтөрүнүн Бишкек жогорку аскердик окуу жайынын начальниги, 2009–2010-жылдары КРдин Коргоо министринин 1-орун басары, КР Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын начальниги, 2010–2011-, ошондой эле 2014–2015-жылдары КРдин Коргоо министри болуп иштеген. 3-даражадагы «Манас» ордени (2000) жана «Эрдик» медалы менен сыйланган.