КАТАНОВ
КАТА́НОВ Николай Фёдорович [06 (18). 05. 1862, Россия империясы, Енисей губерниясы, Минуса округу, Тураховск улусу, Узюм кыштагы – 09. 03. 1922, РСФСР, Татар АССРи, Казан] – чыгыш таануучу жана этнограф, фольклорчу, хакас окумуштуусу. 1888-жылы Петербург университетинин чыгыш таануу факультетин бүтүргөн. Казан университетинин жана Россия коомдук ИАнын профессору (1893). Европа тилдеринде эркин сүйлөп, чыгыш, байыркы жана өлгөн тилдерди да билген. Байыркы түрк, рун, шумер, шынаа жазууларын, египет, кытай иероглифтерин, санскрит, араб тамгаларын, байыркы уйгур, арамей графикаларын окуй алган. Сүрөт тартуу, карта түзүүнү да мыкты өздөштүргөн. Археология, тарых, этнография, тил таануу, адабият тармактары боюнча 380ден ашуун эмгектин автору.
Эмг.: Избранные труды о Хакасии и сопредельных территориях. Абакан, 2004.
Ад.: Кокова И. Ф. Катанов. Абакан, 1993. Наследие Н. Ф. Катанова. История и культура тюркских народов Евразии. Казань. 2006.