КАТАНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТА́НОВ Николай Фёдорович [06 (18). 05. 1862, Россия империясы, Енисей губерниясы, Минуса округу, Тураховск улусу, Узюм кыштагы – 09. 03. 1922, РСФСР, Татар АССРи, Казан] – чыгыш таануучу жана этнограф, фольклорчу, хакас окумуштуу­су. 1888-жылы Петербург университетинин чыгыш таануу факультетин бүтүргөн. Казан университетинин жана Россия коомдук ИАнын профессору (1893). Европа тилдерин­де эркин сүйлөп, чыгыш, байыркы жана өлгөн тилдерди да билген. Байыркы түрк, рун, шу­мер, шынаа жазууларын, египет, кытай иерог­лифтерин, санскрит, араб тамгаларын, байыр­кы уйгур, арамей графикаларын окуй алган. Сүрөт тартуу, карта түзүүнү да мыкты өздөш­түргөн. Археология, тарых, этнография, тил таа­нуу, адабият тармактары боюнча 380ден ашуун эмгек­тин автору.

Эмг.: Избранные труды о Хакасии и сопредельных территориях. Абакан, 2004.

Ад.: Кокова И. Ф. Катанов. Абакан, 1993. Наследие Н. Ф. Катанова. История и культура тюркских народов Евразии. Казань. 2006.