КУБАТ БИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУБАТ БИЙ , К у б а т м ы р з а, К у б а т­б е к (т. ж. б. – болжол менен 1758–61, Хожент) – 18-к-дагы кыргыз элинин көрүнүктүү саясий ишмери. Анжияндык кыргыздардын кушчу уруусунан. Кокон хандыгынын жана Чыгыш Түркстандын саясий иштерине жигердүү катыш­кан таасирдүү жетекчи. 1754-ж. Бухара эмири Мухаммед Рахим менен Кокон башкаруучусу Ир­дана бийдин Оро-Төбө ээлиги үчүн болгон кү­рөштөрүндө К. б. тең ата жана шериктеш башка­руучу. Ал 1754–55-ж. Кашкар, Жаркенд ж. б. ш-ды жуңгарлардан бошотууга катышып, «Ба­хадур бий» деген титул менен Кашкардын аким­дигине дайындалган. Жуңгарлардын атынан өлкөнү башкарып турган ак-тоолуктардын баш­чысы Бурхан ад-Диндин бир тууганы Хан Кожо 1756-жылдын башталышында Чыгыш Түркстан­га келип, Жаркендди башкара баштагандан тар­тып кожолордун кыргыздарга болгон мамиле­си өзгөргөн жана акырындап аларды бийликтен