КУБАТ БИЙ
КУБАТ БИЙ, Кубат мырза, Кубат бек (туулган жылы белгисиз – болжол менен 1758–1761-жылдар) – 18-кылымдын орто ченинде Кашкардын бийи, ошол жакта жашаган кыргыз урууларынын (кушчу, чоңбагыш, кыпчак) башчысы, саясий ишмерлердин бири. Кушчу (кутчу) уруусунан чыккан. 1855-жылы Цин империясына каршы боштондук күрөшүн баштаган кашкарлык Жусуп Кожо (Хоцзичжань) 1757-жылы жазында чоңбагыш, кыпчак урууларын да чаап кирген. Натыйжада Кубат бий (Хугуа) кол алдындагы миң түтүн элин алып, Ферганага көчүп кеткен. Мулла Нийаз-Мухаммад Хокандинин «Тарих-и Шахрухи» аттуу эмгегинде Кубат бий (Кавад/Кивад/Кубад-бий) башындагы кыргыздар жана Бухаранын бийи Мухаммад-Рахим-хан менен союз түзгөн Эрдене бий болжол менен 1758–1759-жылдары Оро-Төбөнүн бийи Фазил-бий бен Садик-бий жүзгө каршы жүрүшкө чыкканы айтылат. Бирок, Фазил-бийдин амалы менен бул үчөө араздашып, Кубат-бий менен Мухаммад-Рахим-хан согуш талаасын таштап кетишкендиктен кокондуктар катуу жеңилүүгө учураган. 1760-жылы Эрдене Ош шаарын каратып алууга аракет жасап, кыргыздарга кол салган.Ушул маселеге байланыштуу кытай императору өзүнүн 1762-жылы 12-айындагы (январь–февраль) буйругунда Эрдененин Ошту басып алууга шылтоо издеп жатканы жана бир аз мурун анын Кубат бийди өлтүргөнү тууралуу маалымат айтылат. Ал өлгөндөн кийин эл оозунда «Кубат бий өлбөй кут өлдү, кушчу, мундуз журт өлдү» деген сөз калган.
Ад.: Валидов А. З. Некоторые данные по истории Ферганы XVIII-го столетия //Протоколы Туркестанского кружка любителей археологии (ПТКЛА). Год двадцатый. 1916, вып. 2-й; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2. Б., 2003; Үсөйүн ажы. Кыргыз санжырасы. Кыргыздар. Б., 1991.