КУБАТБЕКОВ Турсумбай Сатымбаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУБАТБЕКОВ Турсумбай Сатымбаевич [7. 11. 1961-ж. т., Ош (азыркы Жалал-Абад) обл., Ток­тогул р-ну, Бел-Алды айылы] – биология илимд. доктору (2005). Москвадагы Патрис Лумумба атн. Элдердин достугу ун­тин зооинженер жана фран­суз тилинин котормочусу адистиктери б-ча (1989), ошол эле ун-ттин аспиран­турасын (1992) бүтүргөн. 1992-жылдан Россия Элдер­дин достугу ун-тинде тех-

ник, 1992–93-ж. Москвада­гы «ТТТ» жоопкерчилиги чектелген жолдошчулугу­нун директорунун орун ба­сары. Ошол эле ун-ттин ветеринария, морфо­логия жана физиология кафедрасында жана агр. ф-тинде окутуучу, доцент, декандын орун баса­ры (1996–2008). 2008–2011-ж. К. И. Скрябин атн.
КАУда ректор. Эмгектери малдын патология­сы, онкологиясы жана морфологиясы б-ча. 70тен ашык ил. эмгектин, а. и. 7 окуу китептин жана окуу-методикалык иштердин автору.


Эмг.: Фермердик чарбалардагы зоогигиена жана ветеринария негиздери (авторлош). Б., 2008.