КУБАТБЕКОВ Турсумбай Сатымбаевич
КУБАТБЕКОВ Турсумбай Сатымбаевич [7. 11. 1961-жылы туулган, Ош (азыркы Жалал-Абад) облусу, Токтогул району, Бел-Алды айылы] – биология илимдерини доктору (2005). Москвадагы Патрис Лумумба атынагы Элдердин достугу университетинин зооинженер жана франсуз тилинин котормочусу адистиктери боюнча (1989), ошол эле университеттин аспирантурасын (1992) бүтүргөн. 1992-жылдан Россия Элдердин достугу университетинде тех-

ник, 1992–93-ж. Москвадагы «ТТТ» жоопкерчилиги чектелген жолдошчулугунун директорунун орун басары. Ошол эле университеттин ветеринария, морфология жана физиология кафедрасында жана агрардык факультетинде окутуучу, доцент, декандын орун басары (1996–2008). 2008–2011-ж. К. И. Скрябин атындагы КАУда ректор. Эмгектери малдын патологиясы, онкологиясы жана морфологиясы боюнча 70тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 7 окуу китептин жана окуу-методикалык иштердин автору.
Эмг.: Фермердик чарбалардагы зоогигиена жана ветеринария негиздери (авторлош). Б., 2008.