КУБАКЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУБАКЫ – Кыргыз Ала-Тоосунун чыгышын­дагы ашуу. Орто-Токой, Байдамтал өрөөндөрү­нүн чек арасынан орун алган. Кочкор жана Тоң р-ндорунун чек арасында. Бийикт. 2350 м. Ашуу­нун түн. капталы жантайыңкы, түштүгү тиги­рээк. Девон, карбондун кумдук, конгломерат, сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Ашуу жыл бою ачык, Боом капчыгайынан Орто-Токой өрөөнүнө түшкөн автомобиль жолу (Бишкек – Кочкор төтө жолу) өтөт.