КУБАКЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУБАКЫ – Кыргыз Ала-Тоосунун чыгышындагы ашуу. Орто-Токой, Байдамтал өрөөндөрүнүн чек арасынан орун алган. Кочкор жана Тоң р-ндорунун чек арасында. Бийикт. 2350 м. Ашуунун түн. капталы жантайыңкы, түштүгү тигирээк. Девон, карбондун кумдук, конгломерат, сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Ашуу жыл бою ачык, Боом капчыгайынан Орто-Токой өрөөнүнө түшкөн автомобиль жолу (Бишкек – Кочкор төтө жолу) өтөт.