КРИСТАЛЛОГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИСТАЛЛОГРА́ФИЯ (кристалл жана –графия)– кристаллдардын атом-мол. түзүлүшүн, симмет­риясын, физ. касиеттерин, пайда болушун, өсүшүн окутуучу илим. К. туура көп грандуу­лук формасына ээ табигый кристаллдарды бай­коодо жана изилдөөдө пайда болгон. Минерало­гия менен тыгыз байланышта. Өзүнчө илим ката­ры 18-к-дын ортосунан баштап өнүгүүдө. Крис­таллдардын сырткы формасынын (А. В. Гадо­лин, 1867) жана алардын ички түзүлүшүнүн (Е. С. Фёдоров, 1890, А. Шенфлис, 1891) теория­сынан кристаллдардын симметрия теориясы ке­лип чыккан. Кристаллдарды сүрөттөп жазуу ыкмаларынын жыйындысы жана аларды гран­доонун закон ченемдүүлүктөрү геом. К-нын маз­мунун түзөт. Кристаллдардын атомдук түзүлү­шүн (NaCl, алмаз, SnS ж. б.) рентгенография­лык жол менен алууну англ. физиктер У. Г. Брэгг жана У. Л. Брэгг (1913) ишке ашырышып, түзү­лүштүк К-ны негиздешкен. К. кристаллдардын түзүлүшүн рентген-түзүлүштүк талдоо, электро­нография, нейтронография ыкмалары менен изил­дейт. К-лык изилдөөлөрдүн натыйжалары физи­када, минералогияда, химияда, мол. биология­да ж. б. кеңири колдонулат. К. илиминин өнү­гүшүндө Л. Полинг, Н. В. Белов, В. Гольдшмидт, А. В. Шубников, Г. В. Вульф ж. б-дын эмгекте­ри зор. Кырг-нда К-нын өнүгүшүнө проф. А. Алы­баков чоң салым кошкон.


Ад.: Малюкова Н. Н. Основы кристаллографии и минералогии. Б., 2007; Егоров-Тисменко Ю. К. Криc- таллография. М., 1992.