КРИСТАЛЛОГРАФИЯ
КРИСТАЛЛОГРА́ФИЯ (кристалл жана –графия)–кристаллдардын атом-молекулалык түзүлүшүн, симметриясын, физикалык касиеттерин, пайда болушун,өсүшүн окутуучу илим. Кристаллография туура көп грандуулук формасына ээ табигый кристаллдарды байкоодо жана изилдөөдө пайда болгон. Минералогия менен тыгыз байланышта. Өзүнчө илим катары 18-к-дын ортосунан баштап өнүгүүдө. Кристаллдардын сырткы формасынын (А. В. Гадолин, 1867) жана алардын ички түзүлүшүнүн (Е. С. Фёдоров, 1890, А. Шенфлис, 1891) теориясынан кристаллдардын симметрия теориясы келип чыккан. Кристаллдарды сүрөттөп жазуу ыкмаларынын жыйындысы жана аларды грандоонун закон ченемдүүлүктөрү геометриялык кристаллографиянын мазмунун түзөт. Кристаллдардын атомдук түзүлүшүн (NaCl, алмаз, SnS ж. б.) рентгенографиялык жол менен алууну англиялык физиктер У. Г. Брэгг жана У. Л. Брэгг (1913) ишке ашырышып, түзүлүштүк кристаллографияны негиздешкен. Кристография кристаллдардын түзүлүшүн рентген-түзүлүштүк талдоо, электронография, нейтронография ыкмалары менен изилдейт. Кристаллографиялык изилдөөлөрдүн натыйжалары физикада, минералогияда, химияда, молокиялык биологияда ж. б. кеңири колдонулат. Кристаллография илиминин өнүгүшүндө Л. Полинг, Н. В. Белов, В. Гольдшмидт, А. В. Шубников, Г. В. Вульф ж. б-дын эмгектери зор. Кыргызстанда кристаллографиянын өнүгүшүнө профессор А. Алыбаков чоң салым кошкон.
Ад.: Малюкова Н. Н. Основы кристаллографии и минералогии. Б., 2007; Егоров-Тисменко Ю. К. Криcталлография. М., 1992.