КРИСТАЛЛОГРАФИЯ
КРИСТАЛЛОГРА́ФИЯ (кристалл жана –графия)– кристаллдардын атом-мол. түзүлүшүн, симметриясын, физ. касиеттерин, пайда болушун, өсүшүн окутуучу илим. К. туура көп грандуулук формасына ээ табигый кристаллдарды байкоодо жана изилдөөдө пайда болгон. Минералогия менен тыгыз байланышта. Өзүнчө илим катары 18-к-дын ортосунан баштап өнүгүүдө. Кристаллдардын сырткы формасынын (А. В. Гадолин, 1867) жана алардын ички түзүлүшүнүн (Е. С. Фёдоров, 1890, А. Шенфлис, 1891) теориясынан кристаллдардын симметрия теориясы келип чыккан. Кристаллдарды сүрөттөп жазуу ыкмаларынын жыйындысы жана аларды грандоонун закон ченемдүүлүктөрү геом. К-нын мазмунун түзөт. Кристаллдардын атомдук түзүлүшүн (NaCl, алмаз, SnS ж. б.) рентгенографиялык жол менен алууну англ. физиктер У. Г. Брэгг жана У. Л. Брэгг (1913) ишке ашырышып, түзүлүштүк К-ны негиздешкен. К. кристаллдардын түзүлүшүн рентген-түзүлүштүк талдоо, электронография, нейтронография ыкмалары менен изилдейт. К-лык изилдөөлөрдүн натыйжалары физикада, минералогияда, химияда, мол. биологияда ж. б. кеңири колдонулат. К. илиминин өнүгүшүндө Л. Полинг, Н. В. Белов, В. Гольдшмидт, А. В. Шубников, Г. В. Вульф ж. б-дын эмгектери зор. Кырг-нда К-нын өнүгүшүнө проф. А. Алыбаков чоң салым кошкон.
Ад.: Малюкова Н. Н. Основы кристаллографии и минералогии. Б., 2007; Егоров-Тисменко Ю. К. Криc- таллография. М., 1992.