КРИСТАЛЛДУУ СЛАНЕЦТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИСТАЛЛДУУ СЛАНЕЦТЕР , к р и с т а л л­д у у б ү л ө ө т а ш т а р – минералдык курамы ар кандай, өтө метаморфизмделген тоо тектер. Алар жер кыртышынын терең бөлүгүндөгү жо­горку темп-ра менен күчтүү басымдын натыйжа­сында мурда пайда болгон магма жана чөкмө тек­тердин өзгөрүшүнөн келип чыгат. Кристаллдык түзүлүшкө ээ. Курамындагы слюда бир тарапты бет алып жука катталышат. Эгерде магма тек­теринен пайда болсо – ортосланец, чөкмө тек­тердин күчтүү өзгөрүшүнөн келип чыкса пара­сланец (метасланец) деп аталат. К. с. Кырг-ндын аймагында кеңири тараган тектерге кирет.