КРИСТАЛЛДУУ СЛАНЕЦТЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КРИСТАЛЛДУУ СЛАНЕЦТЕР , к р и с т а л лд у у б ү л ө ө т а ш т а р – минералдык курамы ар кандай, өтө метаморфизмделген тоо тектер. Алар жер кыртышынын терең бөлүгүндөгү жогорку темп-ра менен күчтүү басымдын натыйжасында мурда пайда болгон магма жана чөкмө тектердин өзгөрүшүнөн келип чыгат. Кристаллдык түзүлүшкө ээ. Курамындагы слюда бир тарапты бет алып жука катталышат. Эгерде магма тектеринен пайда болсо – ортосланец, чөкмө тектердин күчтүү өзгөрүшүнөн келип чыкса парасланец (метасланец) деп аталат. К. с. Кырг-ндын аймагында кеңири тараган тектерге кирет.