КРИСТАЛЛДАШУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИСТАЛЛДАШУУ – буу, эритме же аморф­тук заттан кристаллдын пайда болуу процесси. К. минералдын, муздун пайда болушун анык­тайт, атм. кубулуштарда, тирүү организмде (мис., тиш эмалынын пайда болушу) чоң маа­ниге ээ. Зат кандайдыр белгилүү бир чектик шартка жеткен учурда гана К. башталат, мис., заттын эрүү темп-расын азайтканда же бууну өтө каныктырганда көз ирмем убакытта эле көптөгөн майда кристаллчалар, б. а. К-нун бор­бору пайда болот. Кристаллчалар суюктуктан же буудан улам жаңы атомдорду же молекула­ларды өзүнө бириктирип чоңоёт. Кристаллдын грандары катмарланып өсөт, атомдук катмар­дын толук өсүп бүтпөгөн учу өсүү учурунда гран­ды бойлоп жылат. Өсүш ылдамдыгынын К-нун шарттарына көз карандылыгы өскөн кристалл­дын түзүлүшүнүн жана формасынын ар түрдүү (көп грандуу, пластикалуу, ийнелүү, дендрит, скелет ж. б.) болушуна алып келет. К-да ар кандай кемтиктер сөзсүз пайда болот.