КРИСТАЛЛДАШУУ
КРИСТАЛЛДАШУУ – буу, эритме же аморфтук заттан кристаллдын пайда болуу процесси. Кристаллдашуу минералдын, муздун пайда болушун аныктайт, атмосфералык кубулуштарда, тирүү организмде (мисалы, тиш эмалынын пайда болушу) чоң мааниге ээ. Зат кандайдыр белгилүү бир чектик шартка жеткен учурда гана кристаллдашуу башталат, мисалы , заттын эрүү температурасын азайтканда же бууну өтө каныктырганда көз ирмем убакытта эле көптөгөн майда кристаллчалар, башкача айтканда кристаллдашуунун борбору пайда болот. Кристаллчалар суюктуктан же буудан улам жаңы атомдорду же молекулаларды өзүнө бириктирип чоңоёт. Кристаллдын грандары катмарланып өсөт, атомдук катмардын толук өсүп бүтпөгөн учу өсүү учурунда гранды бойлоп жылат. Өсүш ылдамдыгынынкристаллдашуунун шарттарына көз карандылыгы өскөн кристаллдын түзүлүшүнүн жана формасынын ар түрдүү (көп грандуу, пластикалуу, ийнелүү, дендрит, скелет ж. б.) болушуна алып келет. Кристаллдашусунда ар кандай кемтиктер сөзсүз пайда болот.