КРИЗИСТИК ТЕМПЕРАТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИЗИСТИК ТЕМПЕРАТУ́РА , к р и т и к а л ы к т е м п е р а т у р а – 1) заттын кризистик абалдагы темп-расы. К. т. суюк заттын өзүнүн буусу менен тең салмакта болуп, алардын физ. ка­сиеттеринен айырма жоголгон учурда аныкта­лат. К. т-да суюктук жана каныккан буунун ты­гыздыктары бирдей болуп, алар бири биринен айырмаланбайт жана суюктуктун бууга айлануу жылуулугу нөлгө барабар болот. К. т. – затты мүнөздөөчү туруктуу чоңдуктардын бири; 2) эри­гичтиги чектелген компоненттерден турган суюк аралашмаларда чектелбеген эригичтик баштал­ган темп-ра; 3) айрым өткөргүчтөрдүн өтө өткөргүчтүк абалга өтүү темп-расы (к. Өтө өт­көргүчтүк).