КРИЗИСТИК ТЕМПЕРАТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИЗИСТИК ТЕМПЕРАТУ́РА , к р и т и к а л ы к т е м п е р а т у р а – 1) заттын кризистик абалдагы температурасы. Кризистик температура суюк заттын өзүнүн буусу менен тең салмакта болуп, алардын физикалык ка­сиеттеринен айырма жоголгон учурда аныкта­лат. Кризистик температурада суюктук жана каныккан буунун ты­гыздыктары бирдей болуп, алар бири биринен айырмаланбайт жана суюктуктун бууга айлануу жылуулугу нөлгө барабар болот. Кризистик температура – затты мүнөздөөчү туруктуу чоңдуктардын бири; 2) эри­гичтиги чектелген компоненттерден турган суюк аралашмаларда чектелбеген эригичтик баштал­ган температура; 3) айрым өткөргүчтөрдүн өтө өткөргүчтүк абалга өтүү температурасы (к. Өтө өт­көргүчтүк).