КРИЗИСТИК БАСЫМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИЗИСТИК БАСЫМ , к р и т и к а л ы к б а­с ы м – заттын же зат аралашмасынын кризис­тик абалдагы басымы. Таза заттар К. б-дан төмөнкү басымда тең салмактуу суюк жана буу фазаларына бөлүнөт. К. б-да бул эки фазанын ортосундагы айырма жоюлуп, зат өзгөчө бир тек­түү абалга өтөт. Бул К. б. тең салмактагы суюк­туктун жана буунун чектик басымы, б. а. К. б. заттын физ. мүнөздөмөсү болуп саналат. Ара­лашмаларда К. б. анын курамына көз каран­ды. Таза зат үчүн К. б. бир гана мааниге (чекит­ке) ээ. Ал эми аралашмаларда К. б. чекиттер системасын түзөт, б. а. аралашма үчүн К. б. сы­зык менен мүнөздөлөт. Бул сызыктын ар бир чекити К. б-га, кризистик темп-рага, көлөмгө жана кризистик курамга ээ болот.