КРИЗИСТИК БАСЫМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИЗИСТИК БАСЫМ , к р и т и к а л ы к б а­с ы м – заттын же зат аралашмасынын кризис­тик абалдагы басымы. Таза заттар кризистик басымдан төмөнкү басымда тең салмактуу суюк жана буу фазаларына бөлүнөт. Кризистик басымда бул эки фазанын ортосундагы айырма жоюлуп, зат өзгөчө бир тек­түү абалга өтөт. Бул кризистик басым тең салмактагы суюк­туктун жана буунун чектик басымы, башкача айтканда кризистик басым заттын физикалык мүнөздөмөсү болуп саналат. Ара­лашмалардакризистик басым анын курамына көз каран­ды. Таза зат үчүн кризистик басым бир гана мааниге (чекит­ке) ээ. Ал эми аралашмаларда кризистик басым чекиттер системасын түзөт, башкача айтканда аралашма үчүн кризистик басым сы­зык менен мүнөздөлөт. Бул сызыктын ар бир чекити кризистик басымга, кризистик температурага, көлөмгө жана кризистик курамга ээ болот.