КРИЗИСТИК АБАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИЗИСТИК АБАЛ , к р и т и к а л ы к а б а л – эки фазалуу системанын ортосундагы айырма жоголуп, бирдей касиетке ээ болгон чектик тең салмактуу абал. К. а-дагы заттардын параметр­лери төмөнкүлөр: кризистик басым (ркр), кри­зис темп-ра (Ткр.), кризистик көлөм (Vкр.) ж. б. Эгер газ абалындагы зат кризистен жогору темп­рада болсо, анда ал каалаган чоң басымда суюк­тукка айланбайт. К. а-га жакындаган сайын жа­наша фазадагы заттардын тыгыздыгындагы, курамындагы, касиетиндеги айырмачылыктар жана фазалык өтүү жылуулугу, фаза аралык бет­тик тартылуу азаят да, кризис чекити нөлгө ба­рабар болуп калат. Аралашмадагы тыгыздык­тын жана концент-нын термелүүсү (флуктуация­сы) кыйла өсөт. Заттын структурасындагы жана касиетиндеги бул өзгөчөлүктөр К. а-да байка­луучу кризистик кубулуштарга алып келет.