КРЕМАЦИЯ
КРЕМА́ЦИЯ (лат. crematio – өрттөө) – өлүктү өрттөө; сөөктү жашыруу каадасынын бир түрү. Жазма булактардагы маалыматтар б-ча о. кылымдарда кыргыздар жана аларга тектеш түрк уруулары адам каза болгондо, маркумду минген аты менен чогуу өрттөп көмүшкөн. Тахир Марвазинин эмгегинде да баяндалат: «Кыргыздар байыртадан маркумду өрттөө жөрөлгөсүн тутушкан. От маркумду тазартып, күнөөдөн арылтат деген ишеничте болушкан. Алар мусулмандарга коңшулаш жашагандан тартып, маркумду өрттөбөй көмө башташкан». Буддизм жана индуизм динин туткан калктарда К. сакталып калган. Айрым элдерде маркумдун сөөгүн өрттөп, көмүү үчүн атайын курулган крематорийлер (лат. crematоrium – өрттөйм) колдонулат. Алгачкы крематорий 1876-ж. Миланда курулган.