КРЕМАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЕМА́ЦИЯ (лат. crematio – өрттөө) – өлүктү өрттөө; сөөктү жашыруу каадасынын бир түрү. Жазма булактардагы маалыматтар бюнча орто кы­лымдарда кыргыздар ж-а аларга тектеш түрк уруулары адам каза болгондо, маркумду мин­ген аты м-н чогуу өрттөп көмүшкөн. Тахир Мар­вазинин эмгегинде да баяндалат: «Кыргыздар байыртадан маркумду өрттөө жөрөлгөсүн ту­тушкан. От маркумду тазартып, күнөөдөн арыл­тат деген ишеничте болушкан. Алар мусул­мандарга коңшулаш жашагандан тартып, мар­кумду өрттөбөй көмө башташкан». Буддизм ж-а индуизм динин туткан калктарда кремация сакта­лып калган. Айрым элдерде маркумдун сөөгүн өдарттөп, көмүү үчүн атайын курулган кремато­рийлер (лат. crematоrium – өрттөйм) колдону­лат. Алгачкы крематорий 1876-ж. Миланда ку­рулган.