ЖАШ-ТИЛЕК
ЖАШ-ТИЛЕК – Ош облусунун Чоң Алай районундагы кыштак. Чоң Алай айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 2550 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот-Коргон кыштагынан 15 км. Ош темир жол бекетинен 365 км. Кыштак 1936-жылы негизделген. Калкы 1316 (2025); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. ФАП иштейт.