ЖАШ-ТИЛЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАШ-ТИЛЕК – Ош облусунун Чоң Алай районун­дагы кыштак. Чоң Алай айыл аймагына караш­туу. Деңиз деңгээлинен 2550 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Дароот-Коргон кыштагынан 15 км. Ош темир жол бекетинен 365 км. Кыштак 1936-жылы негизделген. Калкы 1316 (2025); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепка­на бар. ФАП иштейт.