ЖАҢЫ-БАЗАР (Ноокат районунда­гы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:51, 22 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-БАЗАР – Ош облусунун Ноокат районунда­гы кыштак. Н. Исанов атындагы айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 1380 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 14 км чы­гыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 54 км. Кыш­так 1800-жылы негизделген. Калкы 2672 (2025); не­гизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто жана негизги мектептер, кесиптик-техникалык окуу жайы, маданият үйү, клуб, китепкана, оорукана, поликли­ника бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бө­лүмдөрү иштейт.