ЖАҢЫ-БАЗАР (Ноокат районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАҢЫ-БАЗАР – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Н. Исанов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1380 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 14 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 54 км. Кыштак 1800-жылы негизделген. Калкы 2672 (2025); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто жана негизги мектептер, кесиптик-техникалык окуу жайы, маданият үйү, клуб, китепкана, оорукана, поликлиника бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.