ЖАҢЫ ОРЛЕАН
ЖАҢЫ ОРЛЕА́Н – АКШнын түштүгүндөгү порт шаар (жылына 100 млн тдан ашык жүк ташылат). Луизиана штатында. Калкы 384 миң (2020, шаар айланасы менен 1,3 млн). Эл аралык аэропорту бар. Жолдор тоому. Өлкөнүн түштүгүндөгү маанилүү финансы жана соода борбору. Нефть ажыратуу, химия, тамак-аш, машина куруу, түстүү металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер, музейлер (анын ичинде искусство, Луизиана штатынын) бар. Шаар 1718-жылы француздар тарабынан негизделген. 1764–1800-жылдарда Испаниянын ээлиги. 1800-жылы фрацуздар басып алып, АКШга саткан. 18-кылымдын курулуштары («француз кварталдары») сакталган.