ЖАҢЫ ОРЛЕАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ ОРЛЕА́Н – АКШнын түштүгүндөгү порт шаар (жылына 100 млн тдан ашык жүк ташы­лат). Луизиана штатында. Калкы 384 миң (2020, шаар айланасы менен 1,3 млн). Эл аралык аэро­порту бар. Жолдор тоому. Өлкөнүн түштүгүндөгү маанилүү финансы жана соода борбору. Нефть ажыратуу, химия, тамак-аш, машина куруу, түс­түү металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер, музейлер (анын ичинде искусство, Луизиана шта­тынын) бар. Шаар 1718-жылы француздар тарабы­нан негизделген. 1764–1800-жылдарда Испаниянын ээлиги. 1800-жылы фрацуздар басып алып, АКШга саткан. 18-кылымдын курулуштары («француз квар­талдары») сакталган.