ДАНИЯРОВ Базаркул

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:30, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАНИЯРОВ Базаркул [20. 10. 1897, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди (азыркы Чүй облусу, Кемин району), Чоң-Кемин өрөөнү – 1. 12. 1942, СССР, РСФСР, Свердлов облусу, Ивдель кыштагы] – тилчи, алгач­кы кыргыз агартуучусу, окумуштуу педагог, жогорку жана атайы орто билим берүү система­сын түзүүчүлөрдөн, саясий котормочу. «Эркин-Тоо» гезитин чыгарууга, кыргыз тилинин тер­миндерин түзүүгө чоӊ салым кошкон. 1916-жылы Үркүнгө катышкан. Октябрь революциясына чейин Шабдандын диний медресесинде, Токмоктогу орус-татар тузем мектебинде, Верныйдагы муга-

лимдер курсунда, СССР Эл агартуу комиссариатынын Ташкенттеги Түркстан эл агартуу институтунда (1919-1924) окуган. Эмгек жолун 1923- жылы институтта окуп жүргөндө жумушчу жаштар курсунда мугалим болуудан башта­ган. 1924-жылы Ош, Жалал-Абадда мугалимдердин жана айыл чарба кызматкерлери­нин билимин бышыктоо курстарын (кийин бул курстардын негизинде Ош, Жалал-Абад педтех­никумдары түзүлгөн) уюштуруп, кыргыз тили ж-а адабият сабактарын окуткан, бир эле учурда Ош округдук аткаруу комитетинин эл агартуу бө­лүмүн жетектеген. Ташкенттеги, кийин Пиш­пекке которулган Кыргыз Академиялык илимий борборунда илимий катчы болгон (1924). 1925-жылы Пишпектеги Кыргыз агартуу институтун (Киринп­рос) П. К. Юдахин менен бирге түптөп ачышкан, анда окуу бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. 1927-жылы институт Кыргыз борбордук педтехникумга айла­нып, Данияров директорлук кызматты өтөгөн (1929– 31). Ал Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда «Манас» эпосун кагазга түшүргөн, «Семетейге» арнап илимий эмгек жазган. Данияров кыргыз жазуусун араб алфавитинен латын алфавитине которуу­га катышкан. 1928-жылы чыккан «Метр чендери», «Эсеп китеби» (А. Шабданов менен бирге), «Чоӊдорго кат таануу алиппеси» (И. Арабаев, К. Ты­ныстанов менен бирге) аттуу алгачкы окуу китеп­теринин, окуу программаларынын жана бир нече методикалык колдонмонун автору. Эл агартуу комиссариатында окуу-методикалык сектор башчысы, баштапкы партиялык ячейканын секрета­ры (1931–1935). Ташкенттеги САКУда – Кызыл профессурада окуган (1932–1933), республикалык илимий кыз­маткерлер бюросунун секциясын башкарган (1933–1935). 1935-жылы улутчул деген жалаа менен ком­мунисттик партиянын катарынан чыгарылып, Ош пахта-талаачылык техникумуна мугалим­дикке жиберилген. 1937-жылы «Социал-Туран» пар­тиясынын мүчөсү деген негизсиз күнөө коюлуп, камакка алынган. 1942-жылы Ивдель кыштагындагы «Н» лагеринде каза болгон. 1959-жылы акталган. 1990-жылы Кыргызстан КП БК бюросунда партияга мүчөлүгү ка­лыбына келтирилген.

Ад.: Орузбаева-Даниярова К. Б., Даниярова А. С. Базаркул Данияров — алгачкы агартуучусу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси. /Кыргызчага которгондор Кашыбаева А. С., Даниярова А. С. Б., 2022.

К. Орузбаева.