ДАНИЯРОВ Базаркул
ДАНИЯРОВ Базаркул [20. 10. 1897, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди (азыркы Чүй облусу, Кемин району), Чоң-Кемин өрөөнү – 1. 12. 1942, СССР, РСФСР, Свердлов облусу, Ивдель кыштагы] – тилчи, алгачкы кыргыз агартуучусу, окумуштуу педагог, жогорку жана атайы орто билим берүү системасын түзүүчүлөрдөн, саясий котормочу. «Эркин-Тоо» гезитин чыгарууга, кыргыз тилинин терминдерин түзүүгө чоӊ салым кошкон. 1916-жылы Үркүнгө катышкан. Октябрь революциясына чейин Шабдандын диний медресесинде, Токмоктогу орус-татар тузем мектебинде, Верныйдагы муга-

лимдер курсунда, СССР Эл агартуу комиссариатынын Ташкенттеги Түркстан эл агартуу институтунда (1919-1924) окуган. Эмгек жолун 1923- жылы институтта окуп жүргөндө жумушчу жаштар курсунда мугалим болуудан баштаган. 1924-жылы Ош, Жалал-Абадда мугалимдердин жана айыл чарба кызматкерлеринин билимин бышыктоо курстарын (кийин бул курстардын негизинде Ош, Жалал-Абад педтехникумдары түзүлгөн) уюштуруп, кыргыз тили ж-а адабият сабактарын окуткан, бир эле учурда Ош округдук аткаруу комитетинин эл агартуу бөлүмүн жетектеген. Ташкенттеги, кийин Пишпекке которулган Кыргыз Академиялык илимий борборунда илимий катчы болгон (1924). 1925-жылы Пишпектеги Кыргыз агартуу институтун (Киринпрос) П. К. Юдахин менен бирге түптөп ачышкан, анда окуу бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. 1927-жылы институт Кыргыз борбордук педтехникумга айланып, Данияров директорлук кызматты өтөгөн (1929– 31). Ал Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда «Манас» эпосун кагазга түшүргөн, «Семетейге» арнап илимий эмгек жазган. Данияров кыргыз жазуусун араб алфавитинен латын алфавитине которууга катышкан. 1928-жылы чыккан «Метр чендери», «Эсеп китеби» (А. Шабданов менен бирге), «Чоӊдорго кат таануу алиппеси» (И. Арабаев, К. Тыныстанов менен бирге) аттуу алгачкы окуу китептеринин, окуу программаларынын жана бир нече методикалык колдонмонун автору. Эл агартуу комиссариатында окуу-методикалык сектор башчысы, баштапкы партиялык ячейканын секретары (1931–1935). Ташкенттеги САКУда – Кызыл профессурада окуган (1932–1933), республикалык илимий кызматкерлер бюросунун секциясын башкарган (1933–1935). 1935-жылы улутчул деген жалаа менен коммунисттик партиянын катарынан чыгарылып, Ош пахта-талаачылык техникумуна мугалимдикке жиберилген. 1937-жылы «Социал-Туран» партиясынын мүчөсү деген негизсиз күнөө коюлуп, камакка алынган. 1942-жылы Ивдель кыштагындагы «Н» лагеринде каза болгон. 1959-жылы акталган. 1990-жылы Кыргызстан КП БК бюросунда партияга мүчөлүгү калыбына келтирилген.
Ад.: Орузбаева-Даниярова К. Б., Даниярова А. С. Базаркул Данияров — алгачкы агартуучусу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси. /Кыргызчага которгондор Кашыбаева А. С., Даниярова А. С. Б., 2022.
К. Орузбаева.