КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИСКУСCТВОГО ЭМГЕК CИҢИРГЕН ИШМЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:38, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИСКУСCТВОГО ЭМГЕК CИҢИРГЕН ИШМЕРИ – ардак наам. 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери. Кыргыз ССР Жогорку Совети­нин Президиумунун 1939-жылдын 10-январын­дагы жарлыгы менен бекитилген. Жогорку билими бар музыка, адабият, драматургия жаатында эң жо­горку көркөмдүктөгү көрүнүктүү чыгарма, спек­такль, кино тасма, искусство жана адабият боюнча илимий эм­гек жараткан жана искусство менен адабиятты өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана тарбиялоо ишинде өзгө­чө эмгек сиңирген композиторлорго, дирижёрлорго, сү­рөтчү, айкелчи, театр жана кинорежиссёр, опе­ратор, драматург, сценарист, искусство таануучу, адабиятчы жана башка чыгармачыл кызматкерге бе­рилет.