КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИСКУСCТВОГО ЭМГЕК CИҢИРГЕН ИШМЕРИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИСКУСCТВОГО ЭМГЕК CИҢИРГЕН ИШМЕРИ – ардак наам. 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1939-жылдын 10-январындагы жарлыгы менен бекитилген. Жогорку билими бар музыка, адабият, драматургия жаатында эң жогорку көркөмдүктөгү көрүнүктүү чыгарма, спектакль, кино тасма, искусство жана адабият боюнча илимий эмгек жараткан жана искусство менен адабиятты өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана тарбиялоо ишинде өзгөчө эмгек сиңирген композиторлорго, дирижёрлорго, сүрөтчү, айкелчи, театр жана кинорежиссёр, оператор, драматург, сценарист, искусство таануучу, адабиятчы жана башка чыгармачыл кызматкерге берилет.