«КЫРГЫЗ СЕРИАЛДАРЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:27, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page «КЫРГЫЗСЕРИАЛДАРЫ» to «КЫРГЫЗ СЕРИАЛДАРЫ») тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗ СЕРИАЛДАРЫ» – 2003-жылы Улуттук телерадио компаниясынын сериялуу тасмаларды чыгаруучу студиясы уюшулган. Уюштуруучусу жана жетекчиси – акын, драматург, журналист, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты Ж. Өзүбекова. Анын сценарийи боюнча коюлган «Чиркин өмүр» (40 серия), «Апамдын махабаты» (20 серия), «24 саат» (2 серия), «Кара жолтой» (3 серия), «Тор» (3 серия), «Кууш жол­до» (3 серия), «Сезимде калган издер» (4 серия) тасмаларында улуттун өзгөчөлүгү, асыл наркы, салт-санаасы чагылдырылган. Сериалдар жан­ры боюнча ар түрдүү, мазмуну жөнөкөй жана жет­киликтүү берилген. Туңгуч кыргыз сериалдарын режиссёр М. Мамбетов жана Б. Айткулуев тарткан.