«КЫРГЫЗ СЕРИАЛДАРЫ»
(«КЫРГЫЗСЕРИАЛДАРЫ» барагынан багытталды)
«КЫРГЫЗ СЕРИАЛДАРЫ» – 2003-жылы Улуттук телерадио компаниясынын сериялуу тасмаларды чыгаруучу студиясы уюшулган. Уюштуруучусу жана жетекчиси – акын, драматург, журналист, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты Ж. Өзүбекова. Анын сценарийи боюнча коюлган «Чиркин өмүр» (40 серия), «Апамдын махабаты» (20 серия), «24 саат» (2 серия), «Кара жолтой» (3 серия), «Тор» (3 серия), «Кууш жолдо» (3 серия), «Сезимде калган издер» (4 серия) тасмаларында улуттун өзгөчөлүгү, асыл наркы, салт-санаасы чагылдырылган. Сериалдар жанры боюнча ар түрдүү, мазмуну жөнөкөй жана жеткиликтүү берилген. Туңгуч кыргыз сериалдарын режиссёр М. Мамбетов жана Б. Айткулуев тарткан.