КӨӨРҮК
КӨӨРҮК - устакана очогундагы отту (көмүрдү) күйгүзүп туруучу аспап; аба үйлөөчү аспаптардын эң эскиси. Көөрүк байыркы замандарда металл эритүү үчүн пайдаланылып, кол менен кыймылга келтирилген;

орто кылымда кол (дене) жана унаа күчү кыймылга келтирүүчү механизмдер, кийинчерээк суу кыймылдаткычтары менен иштеген. Металлургиянын дүркүрөп өнүгүшүнө байланыштуу көөрүктөрдү электр көөрүктөр жана аба үйлөтүүчү машиналар сүрүп чыгарган. Кыргыз урунган көөрүк кол менен кыймылга келтирилип, кол же ала көөрүк деп аталган. Кол көөрүк туюк союлган (же кураштыра тигилген) эки териден, ичи көңдөйлөнгөн ача жыгачтан, түтүк темирден турган; териси эчки, кой, кийик же кулундун туюк союлуп, ийленген терилеринин жүнү сыртына каратылып жасалган; терилердин кенен (түп) жагынын эки бетине жарыш ооз жыгачтар (тактайчалар) кадалып, аларга манжа бүлдүргө жана бармак бүлдүргө тагылган; кууш (моюн) жактары көңдөй ача жыгачтын эки ачасы менен тике же кыйыр (темир түтүктөр аркылуу) бириктирилген. Эки ачанын көңдөйү кошулган жердеги тешиктерге ачылып-жабылма капкакча (кайыш, шири же булгаары) коюлган. Ача жыгачтын кошулушунан пайда болгон чоң көңдөйдүн көзөнөгүнө темир түтүк ашталып, анын бир учу очок кыштын (чопо түтүктүн) тешиги менен туташтырылган. Көөрүктү басканда терилердин түп жагындагы жарыш тактайчалар кыска кармалып, өйдө тартканда бир аз ачылып, теринин көңдөйү абага толуп чыккан; толгон аба түтүктөр аркылуу очокко кирген. XIX кылымдын 2-жарымынан келгин орустардын таасири менен кыргыз арасына асма (орус) көөрүк жайыла баштаган. Асма көөрүктүн кол көөрүктөн айырмасы: бир эле «териден» (мехтен) турат; анысы кайыштан (булгаарыдан) жасалып, эки четинен жана ортосунан жарыш тактайлар менен бекитилген. Эки четиндеги тактайлары «тери» менен кошо кыймылдай берет, ал эми «терини» экиге бөлүп турган ортоңкусу бир учу дубалга кадалган бойдон кыймылдабай турат. Асма көөрүктүн кууш (ооз) жагы түтүктөр аркылуу очок менен туташтырылат, кенен (түп) жагы болсо кыяк (гармонь) мехи сыяктуу бүктөлүп-жазылып тургудай болуп кайыштан жасалат. Асма көөрүк зым (же жип) аркылуу шыпка асылып, кол менн кыймылга келтирилет. "Учурда кол көөрүк да, асма көөрүк да сейрек учурап, жөнөкөй устакана очокторунда гана колдонулат.