КӨӨРҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨӨРҮК - устакана очогундагы отту (көмүрдү) күйгүзүп туруучу аспап; аба үйлөөчү аспаптар­дын эң эскиси. Көөрүк байыркы замандарда металл эритүү үчүн пайдаланылып, кол менен кыймылга келтирилген;

1 - териси; 2 -ооз жыгачы; 3 - манжа бүлдүргөсү; 4 - бармак бүлдүргөсү; 5 -моюну; 6 - көңдөй ача жыгач; 7 - түтүк темири; 8 - өчөк кыш.

орто кылымда кол (дене) жана унаа күчү кыймылга келтирүүчү механизмдер, ки­йинчерээк суу кыймылдаткычтары менен иште­ген. Металлургиянын дүркүрөп өнүгүшүнө бай­ланыштуу көөрүктөрдү электр көөрүктөр жана аба үйлө­түүчү машиналар сүрүп чыгарган. Кыргыз урун­ган көөрүк кол менен кыймылга келтирилип, кол же ала көөрүк деп аталган. Кол көөрүк туюк союлган (же кураштыра тигилген) эки териден, ичи көң­дөйлөнгөн ача жыгачтан, түтүк темирден тур­ган; териси эчки, кой, кийик же кулундун туюк союлуп, ийленген терилеринин жүнү сыртына каратылып жасалган; терилердин кенен (түп) жагынын эки бетине жарыш ооз жыгачтар (так­тайчалар) кадалып, аларга манжа бүлдүргө жана бармак бүлдүргө тагылган; кууш (моюн) жак­тары көңдөй ача жыгачтын эки ачасы менен тике же кыйыр (темир түтүктөр аркылуу) бирикти­рилген. Эки ачанын көңдөйү кошулган жердеги тешиктерге ачылып-жабылма капкакча (ка­йыш, шири же булгаары) коюлган. Ача жыгач­тын кошулушунан пайда болгон чоң көңдөйдүн көзөнөгүнө темир түтүк ашталып, анын бир учу очок кыштын (чопо түтүктүн) тешиги менен туташтырылган. Көөрүктү басканда терилердин түп жагындагы жарыш тактайчалар кыска карма­лып, өйдө тартканда бир аз ачылып, теринин көңдөйү абага толуп чыккан; толгон аба түтүктөр аркылуу очокко кирген. XIX кылымдын 2-жарымынан келгин орустардын таасири менен кыргыз арасына асма (орус) көөрүк жайыла башта­ган. Асма көөрүктүн кол көөрүктөн айырмасы: бир эле «териден» (мехтен) турат; анысы кайыштан (бул­гаарыдан) жасалып, эки четинен жана ортосунан жарыш тактайлар менен бекитилген. Эки четин­деги тактайлары «тери» менен кошо кыймылдай берет, ал эми «терини» экиге бөлүп турган ор­тоңкусу бир учу дубалга кадалган бойдон кыймылдабай турат. Асма көөрүктүн кууш (ооз) жагы түтүктөр аркылуу очок менен туташтырылат, ке­нен (түп) жагы болсо кыяк (гармонь) мехи сыяк­туу бүктөлүп-жазылып тургудай болуп кайыш­тан жасалат. Асма көөрүк зым (же жип) аркылуу шыпка асылып, кол менн кыймылга келтири­лет. "Учурда кол көөрүк да, асма көөрүк да сейрек учурап, жөнөкөй устакана очокторунда гана колдо­нулат.