КӨРҮНДҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:51, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨРҮНДҮК – жаңы төрөлгөн баланы, жаңы кел­ген келинди, кайындап барган жаңы күйөөнү, ошондой эле жакшы буюм, алгыр куш, кыраан тайган, чыгаан күлүк сыяктууларды адеп көрүү үчүн алардын ээсинин кубанычын тең бөлүшүү, аны кубаттоо иретинде чын көңүлүнөн берилүүчү ырым; акча, буюм.