КӨРҮНДҮК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨРҮНДҮК – жаңы төрөлгөн баланы, жаңы келген келинди, кайындап барган жаңы күйөөнү, ошондой эле жакшы буюм, алгыр куш, кыраан тайган, чыгаан күлүк сыяктууларды адеп көрүү үчүн алардын ээсинин кубанычын тең бөлүшүү, аны кубаттоо иретинде чын көңүлүнөн берилүүчү ырым; акча, буюм.