КӨЙНӨК
КӨЙНӨК – күрмө, кемсел сыяктуу сырт кийимдердин ичинен кийилүүчү жалаңкат кийим. Көйнөк байыркы замандарда адам денесин ысык-сууктан коргоо максатында пайда болуп, бара-бара гигиеналык жана эстетикалык мааниге ээ болгон. Адамдын жашы жана коомдук дөөлөтү өзгөргөн сайын кийинүү каадасы да жаңыланып, жакшырып, татаалдаша баштаган. Илгери кыргызда эркектики да, аялдыкы да, баланыкы да жалпы жонунан көйнөк деп аталып, көчмөн турмуш шартына ылайык кең тигилген жана көбүнчө жылаңач этке эле кийилген. Э р к е к көйнөктүн кеңири таралган түрү ачык көйнөк же жегде деп аталган. Ал бөздөн, матадан өңүрү, учасы, жеңи менен кошо кенен бычылып, капталдарына кыйык салынган. Түштүктө жашагандар ачык, түндүктөгүлөр кайырма жакалуу көйнөктөрдү кийишкен. Узундугу тизеден төмөнүрөөк келип, жеңи манжаларга жеткен. Жакасы эшилген боолор, топчулар менн бүчүлөнгөн. Көйнөктүн этегин шымга салбастан, жай коюп, белбоо курчанышкан. А я л көйнөк кенен, этеги узун тигилип, капталына кыйык салынып, жеңдери ийинге тик бириктирилген. Жакалары эки түрдө бычылган. Эң эски көйнөктөрдүн жакасы ийинден ийинге чейин узатасынан бычылганы туура жака көйнөк делген. Ал эки ийинден шоона же топчу менен бүчүлөнгөн. Жаканын бул байыркы түрү балдардын кийимдеринде сакталып калган. Көйнөктүн экинчи түрүнүн жакасы узатасынан жана көкүрөктөн ылдый бычылып, узун жакалуу көйнөк деп аталып, Кыргызстандын бардык аймактарында кеңири тараган. Анын көкүрөгүнөн сайма менен өңүр чыгарышкан. XIX кылымдын аягында көкүрөктөн ылдый бычылган тик жакалуу, топчу менен бүчүлөнгөн, этегине бир же эки кош этек салынган көйнөктүн пайда болушу менен өңүр биротоло жоюлган. Кийинчерээк, Кыргызстандын түндүк тарабында көкүрөк жагы менен этек жагы эки бөлөк бычылып, бели, жеңинин учу, этеги (эки-үч ирет) бүйрүлүп тигилген көйнөк кийиле баштаган. XX кылымдын башынан ийни кыйгач бычылып, жакасы кайырма, этеги кыска, көкүрөгү бүйүрмөлөнүп, жеңи ийнине ашталып тигилген көйнөктөр тарала баштаган. Кыз-келиндерге кызыл-тазыл, улгайгандарга күңүрт же ак түстүү мүнөздүү болгон. Улгайган аялдардын эскиче бычылып тигилген көйнөктөрү айыл-кыштакта азыр деле кийилет. Азыр көбүнчө дүйнөлүк модага багытталган заманбап формадагы көйнөктөрдү кийишет.