КӨЙНӨК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЙНӨК – күрмө, кемсел сыяктуу сырт ки­йимдердин ичинен кийилүүчү жалаңкат кийим. Көйнөк байыркы замандарда адам денесин ысык­-сууктан коргоо максатында пайда болуп, бара-­бара гигиеналык жана эстетикалык мааниге ээ болгон. Адамдын жашы жана коомдук дөөлөтү өзгөргөн сайын кийинүү каадасы да жаңыла­нып, жакшырып, татаалдаша баштаган. Илге­ри кыргызда эркектики да, аялдыкы да, бала­ныкы да жалпы жонунан көйнөк деп аталып, көчмөн турмуш шартына ылайык кең тигилген жана көбүнчө жылаңач этке эле кийилген. Э р к е к көйнөктүн кеңири таралган түрү ачык көйнөк же жегде деп аталган. Ал бөздөн, матадан өңүрү, учасы, жеңи менен кошо кенен бычылып, капталдарына кыйык салынган. Түштүктө жашагандар ачык, түндүктөгүлөр кайырма жакалуу көйнөктөрдү ки­йишкен. Узундугу тизеден төмөнүрөөк келип, жеңи манжаларга жеткен. Жакасы эшилген боолор, топчулар менн бүчүлөнгөн. Көйнөктүн этегин шымга салбастан, жай коюп, белбоо курчаныш­кан. А я л көйнөк кенен, этеги узун тигилип, кап­талына кыйык салынып, жеңдери ийинге тик бириктирилген. Жакалары эки түрдө бычылган. Эң эски көйнөктөрдүн жакасы ийинден ийинге че­йин узатасынан бычылганы туура жака көйнөк дел­ген. Ал эки ийинден шоона же топчу менен бү­чүлөнгөн. Жаканын бул байыркы түрү балдар­дын кийимдеринде сакталып калган. Көйнөктүн экин­чи түрүнүн жакасы узатасынан жана көкүрөктөн ылдый бычылып, узун жакалуу көйнөк деп аталып, Кыргызстандын бардык аймактарында кеңири тара­ган. Анын көкүрөгүнөн сайма менен өңүр чыга­рышкан. XIX кылымдын аягында көкүрөктөн ылдый бычылган тик жакалуу, топчу менен бүчүлөнгөн, этегине бир же эки кош этек салынган көйнөктүн пайда болушу менен өңүр биротоло жоюлган. Ки­йинчерээк, Кыргызстандын түндүк тарабында көкүрөк жагы менен этек жагы эки бөлөк бычылып, бели, жеңинин учу, этеги (эки-үч ирет) бүйрүлүп ти­гилген көйнөк кийиле баштаган. XX кылымдын башынан ийни кыйгач бычылып, жакасы кайырма, эте­ги кыска, көкүрөгү бүйүрмөлөнүп, жеңи ийнине ашталып тигилген көйнөктөр тарала баштаган. Кыз-­келиндерге кызыл-тазыл, улгайгандарга күңүрт же ак түстүү мүнөздүү болгон. Улгайган аялдар­дын эскиче бычылып тигилген көйнөктөрү айыл­-кыштакта азыр деле кийилет. Азыр көбүнчө дүйнөлүк модага багытталган заманбап форма­дагы көйнөктөрдү кийишет.