КЫСКЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫСКЫЧ – сом темирди же тетиктерди иштетүүдө же жыйноодо тиштетилип бекитилүүчү курал. Ал тулкудан, кыймылсыз ж-а кыймылдуу тиштегич­тен турат. К. кол м-н иштетилме, слесардык (вер­стакка орнотулган), устачылык (өтө тактыкты талап кылбаган иштер үчүн), машиналык (ста­ноктун столуна орнотулат) болуп айырмаланат. О. эле пневматикалык ж-а гидравл. кыймылга келтиргичтүү болушу да мүмкүн.