КЫСКЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫСКЫЧ – сом темирди же тетиктерди иштетүүдө же жыйноодо тиштетилип бекитилүүчү курал. Ал тулкудан, кыймылсыз жана кыймылдуу тиштегич­тен турат. Кыскыч кол менен иштетилме, слесардык (вер­стакка орнотулган), устачылык (өтө тактыкты талап кылбаган иштер үчүн), машиналык (ста­ноктун столуна орнотулат) болуп айырмаланат. Ошондой эле пневматикалык жана гидравл. кыймылга келтиргичтүү болушу да мүмкүн.