КЫРГЫЗ УЛУТТУК СПОРТУНУН ТҮРЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ УЛУТТУК СПОРТУНУН ТҮРЛӨРҮ – бирдиктүү респ. спорттук классификациясы ж-а ойноо, мелдеш эрежелери иштелип чыккан спорттун 10 түрү (ат чабыш, ордо, тогуз кор­гоол, тыйын эңмей, улак тартыш, упай, жорго салыш, күрөш, кыз куумай, оодарыш). К. у. с. т. б-ча мелдештердин эрежелери, бирдиктүү респ. классификациясы ж-дөгү жобосу, разряддарды ж-а наамдарды ыйгаруу тартиби 1993-ж. иш­телип чыккан. Аны КРдин спорт федерацияла­ры жактырып, КРдин Дене тарбия ж-а спорт б-ча мамл. к-ти бекиткен. К. у. с. т. б-ча ар кандай спорттук даражалар ыйгарылып, беш түрүндө «спорт чебери» деген наам берилет. Мел­деш эрежелери улам толукталып, такталат. Ай­рым оюндар чыгарылып, айрымдары кошулат.
Алсак, 1972–80-жылдардын аралыгы үчүн бе­китилген спорттук классификацияда «Жамбы атмай» болсо, азыр анын ордуна «Упай» кирги­зилген.