КЫРГЫЗ УЛУТТУК СПОРТУНУН ТҮРЛӨРҮ
КЫРГЫЗ УЛУТТУК СПОРТУНУН ТҮРЛӨРҮ –бирдиктүү республикалык спорттук классификациясы ж-а ойноо, мелдеш эрежелери иштелип чыккан спорттун 10 түрү (ат чабыш, ордо, тогуз коргоол, тыйын эңмей, улак тартыш, упай, жорго салыш, күрөш, кыз куумай, оодарыш). Кыргыз улуттук спортунун турлору боюнча мелдештердин эрежелери, бирдиктүү республикалык классификациясы жонундөгү жобосу, разряддарды ж-а наамдарды ыйгаруу тартиби 1993-ж. иштелип чыккан. Аны КРдин спорт федерациялары жактырып, КРдин Дене тарбия ж-а спорт боюнча мамлекеттик комитети бекиткен. Кыргыз улуттук спортунун турлору боюнча ар кандай спорттук даражалар ыйгарылып, беш түрүндө «спорт чебери» деген наам берилет. Мелдеш эрежелери улам толукталып, такталат. Айрым оюндар чыгарылып, айрымдары кошулат.
Алсак, 1972–80-жылдардын аралыгы үчүн бекитилген спорттук классификацияда «Жамбы атмай» болсо, азыр анын ордуна «Упай» киргизилген.